2023-жылдын 12-15-февралы аралыгында Ташкентте Кыргызстандан келген делегаттардын иш сапары өтүп жатат, ал жерден айыл чарбасындагы акыркы жаңычылдыктар жана жаңы технологиялар менен таанышуу максаты коюлган. Делегацияга «Fair and Sustainable Development Solutions» (FSDS) коомдук фондунун өкүлдөрү, ошондой эле «Шоола Көл» коомдук уюму жана Жалал-Абад облусунун Айл-чарба консультациялык кызматынын өнөктөштөрү катышууда.
Иш сапардын негизги максаты — өнөктөштүктү орнотуу жана тажрыйба алмашуу. Иш сапардын алкагында делегаттар Өзбекстандын Айл-чарба министрлигин, «Агроөнөржай комплексин санариптештирүү борборун», «Agro Prodex Group» агрологикалык борборун жана Ташкент мамлекеттик айыл чарба университетин зыярат кылып, экскурсиялар жана презентациялар уюштурулат. Жаңылыктарды күтө бериңиздер!
Жаңы комментарий кошуу