«Муундар диалогу» эл аралык форуму
2024-жылдын 14-15-июнунда Кыргыз Республикасынын Ош шаарында өткөн «Муундар диалогу» эл аралык форумунда Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын активдүү катышуусу ар кандай муундардын ортосунда тажрыйба жана идея алмашууга чоң түрткү болду.
Форумдун биринчи күнү шаар менен таанышууларга арналды. Форум Кыргыз Республикасынын Маданият, спорт жана маалымат министрлигинин демилгеси жана Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен уюштурулуп, катышуучулар үчүн музейлерге, театрларга, инновациялык борборлорго жана Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетине экскурсиялар уюштурулду.
Экинчи күн негизги баяндамаларга жана панелдик талкууларга арналды, анда Өзбекстан менен Кыргызстандын өкүлдөрү жаштарды колдоо жана өз ара кызматташтыкты чыңдоо боюнча улуттук демилгелерин активдүү бөлүшүштү. Спикерлер муундар арасында билим жана тажрыйба алмашууга аянтчаларды түзүү боюнча сунуштарын айтышты.
Бул иш-чараны уюштурууда Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фонду негизги өнөктөштөрдүн бири болду. «Кыргызстан менен Өзбекстандагы аялуу үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүшү» долбоорунун алкагында долбоордун катышуучулары өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, панелдик сессияларда спикер катары да чыгышты.
Комментарийлер
Друзі! У часи інформаційного шуму дуже цінно мати справді надійні джерела, а не витрачати час на недостовірну інформацію та клікбейт. Мені трапився ресурс, який розв'язує це завдання — він є каталогом перевірених українських ЗМІ. На одній сторінці представлено джерела з різних куточків України та різної спрямованості: від новин Буковини до наукових дискусій та фактчекінгу. Занотуйте собі цей каталог аби завжди мати під рукою якісну пресу на jhuyjduykkhgfgdsas.space
Жаңы комментарий кошуу