3-декабрь — дүйнө жүзү боюнча Майыптардын эл аралык күнү белгиленет.

БУУнун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө 1 миллиарддан ашуун адам кандайдыр бир деңгээлдеги майыптык менен жашайт.

Бул күн 1992-жылы, 14-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан жарыяланган. Башкы Ассамблея бардык мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды бул күндү биргелешип өткөрүүгө чакырган.

Майыптардын эл аралык күнү — бул майып адамдардын укуктарын чектеген маселелер жана тоскоолдуктар тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуучу маанилүү курал.

Ар жылы бул күн белгилүү бир теманын алкагында өткөрүлөт. Бүгүн биздин өлкөдө бул күн «Мен КОЛДОМ!» урааны менен белгиленип жатат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан фестиваль жана көргөзмө уюштурулуп, бул иш-чара Майыптардын күнүнө арналган.
Fair & Sustainable Development Solutions (FSDS) бул иш-чараны уюштурууда техникалык жардам көрсөттү.

Эскерте кетели: Кыргызстанда БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясы 2019-жылдын 14-мартында ратификацияланган.

Бул — мамлекет майып адамдар үчүн жеткиликтүү инфраструктураны түзүшү керек дегенди билдирет. Алар коомдук чөйрөдө көптөгөн тоскоолдуктарга туш болушууда.