⛳ Шаршемби, 2022-жылдын 16-ноябрында Мейкатон 2022нин биринчи күнү старт алат! Бул күнү Кыргызстандык жаш ойлоп табуучулар чогулушат! 🇰🇬 Биз ишенебиз, бул иш-чара бардык чыгармачыл жаштар үчүн эң сонун аянтча болот.

🔥 Быйыл Мейкатондун катышуучулары мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана чоңдордун жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзө турган жеткиликтүү жана жеңил ыңгайлаштырылган чечимдерди ойлоп табышы керек. Буга чейин өткөн PreTOM тандоо этабынын жыйынтыгында 9 команда тандап алынган.

⏰ Марафон 72 саатка созулат, демек катышуучулар үч күн бою өз шаймандарын иштеп чыгып, байгелүү орундар үчүн ат салышат — 💰1 000 доллар, 💰600 доллар жана 💰400 доллар.

Быйыл Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фонду иш-чараны “Жарат жана дүйнөнү жакшыраак кыл!” ураанынын алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети карашындагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) менен биргеликте өткөрөт. @kyrgyzpatent.kg @gosfond_kyrgyzpatent @innovationcenter.kg

Бул ачык иш-чара болгондуктан, баардык каалоочуларды чакырабыз!

✅ Дарек: Эркиндик бульвары, 58А
✅ Убактысы: 10:00