Кечээ, 14-февралда, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинде "Fair and Sustainable Development Solutions" (FSDS) фондунун долбоордук командасы менен иш кездешүүсү болуп өттү.
Кеңешмеге Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министринин орун басары Жаныл Алыбаева, социалдык кызматтарды өнүктүрүү боюнча башкы адис Чолпон Мамбетаипова, FSDS фондунун аткаруучу директору Муратбек Исмаилов жана "Инклюзивдүү коом – мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн" долбоорунун кызматкерлери катышты.
Кеңешме учурунда тараптар социалдык кызматтарды мониторингдөө системасын өнүктүрүү, кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу жана Персоналдык жардамчыны окутуу программасын Жоопкерчилик боюнча колдонмо негизинде талкуулашты. Ошондой эле, FSDS фонду менен Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги арасында Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандумун кайра карап чыгуу чечими кабыл алынды.
Кеңешме достук маанайда өтүп, көп тармактуу кызматташууну алдыга жылдырууга болгон эки тараптуу ниетти бекемдеди.
Жаңы комментарий кошуу