25-февралда Бишкекте «Балага эрте өнүгүү жана эрте аралашуу» темасында тегерек стол өткөрүлдү. Аны «Рука в руке» коомдук бирикмеси Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги менен биргеликте «Fair and Sustainable Development Solutions» (FSDS) коомдук фондунун колдоосу менен уюштурган.
Анда мамлекеттик структуралардын денсоолук сактоо, билим берүү жана социалдык өнүгүү тармагындагы өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коомдук уюмдардын жетекчилери жана FSDS фондунун өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдун максаты Кыргыз Республикасында эрте аралашуу программасын иштеп чыгуу долбоорун сунуштоо жана анын кабыл алынуусунун зарылдыгын балдардын толук жана гармониялуу өнүгүү укугун камсыз кылуу максатында маалымат берүү болду. Ошондой эле, катышуучулар бул багытта иш-чараларды талкуулашты.
Кеңешме учурунда эрте жардам деген эмне жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга туура жана убагында жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу маселелер каралды. Адистердин пикиринде, учурда эң маанилүүсү – эрте аралашуу программасын кабыл алуу, мамлекеттин эрте жардам системасын түзүүгө болгон жоопкерчилигин күчөтүү, системанын өнүгүүсүн бирдиктүү көрсөткүчтөр жана сапат критерийлери боюнча мониторинг жүргүзүү, ошондой эле эрте жардам кызматтарынын адистерин даярдоо, окутуу жана кайра даярдоо.
Тегерек столдун жыйынтыгында Кыргыз Республикасында эрте аралашуу программасын иштеп чыгуу долбоорун катышуучулардан алынган сунуштардын негизинде иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.
Жаңы комментарий кошуу