Жыйында катышуучулар Тармактын иш пландарын талкуулашты, уюштуруу маселелерин чечишти, ошондой эле жаңы мүчөлөрдү Тармакка кошуп алышты – Аплифт, Сантерра, Сос Деревни Кыргызстаны жана реабилитациялык борбор «Максат».

Жыйынын экинчи бөлүгү майыптуулугу бар 0-8 жаш аралыгындагы балдар үчүн диетология жана нутрициология боюнча семинарга арналган, анда катышуучулар балдарга медициналык жардам стандарттарына ылайык адистештирилген тамак-аш менен камсыздоо маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, жыйында Тармактын мүчөлөрү @crdips.kg балдар реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борбору менен таанышуу үчүн экскурсия жасашты.