18-августта Ысык-Көлдүн жээгинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын VII жөө жүрүшү башталды. Кыргызстан боюнча 20 аял жана эркек коляскада отуруп, Чолпон-Ата — Каракол багыты боюнча 135 чакырымды басып өтүштү.

Бул жүрүштүн максаты — өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоонун жана илгерилетүүнүн маанилүүлүгүнө коомчулуктун көңүлүн буруу.

Программада мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүн тереңирээк түшүнүү, аларга туура мамиле кылуу жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн жолугушуулар жана тренингдер өткөрүлдү.

Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 200 миңге жакын мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт.

Жөө жүрүштүн уюштуруучусу — «Теңчилик» мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын союзу, ал эми өнөктөштөрү: Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсеси, БУУнун Борбор Азиядагы Адам укуктары боюнча кеңсеси жана Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фонду.