"Fair and Sustainable Development Solutions" (FSDS) коомдук фонду кызыкдар жеткирүүчүлөрдү (жеке жана юридикалык жактарды) «Кыргыз Республикасы жана Өзбекстандагы аялуу үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү» долбоорунун форумунун алкагында тимбилдинг уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө тендерге катышууга чакырат.
Бардык маалымат тиркемеде (TOR) көрсөтүлгөн. Төмөндө кыскача маалымат берилет.
Программанын толук мазмунун такташ үчүн төмөндө көрсөтүлгөн байланыш номерге кайрылыңыз.
1. Жалпы маалымат:
Иш-чара: SEEDG 2025 форуму — аялуу үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча долбоордун алкагында
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 8–10-июлу
Өткөрүү жери: Ысык-Көлдүн түндүк жээги (так жайгашкан жерин чалып билсе болот)
Катышуучулар саны: 50гө чейин (долбоо командасы жана катышуучулар менен кошо)
Иш-чаранын тили: кыргыз тили
Максаттар:
• 8-июлда күндүзгү жана кечки программанын уюштурулушу (спорттук жана командалык оюндар, кечки активдүүлүк)
• 9-июлда түштөн кийин интеллектуалдык жана чыгармачылык активдүүлүктөрдү өткөрүү
• Квалификациялуу тренер менен “Жасалма интеллект турмушта жана бизнесте” темасындагы практикалык сессияны даярдоо жана өткөрүү
Көрсөтүлө турган документтер:
• Финансылык сунуш (логистика менен кошо)
• Спорттук жана интеллектуалдык иш-чаралар боюнча идеялар жана формат
• Портфолио, команда мүчөлөрүнүн резюмелери жана каттоо документтери
• ЭСФ (электрондук эсеп-фактура) берүүгө мүмкүнчүлүк
📩 Сунуштарды тапшыруу мөөнөтү: 2025-жылдын 20-июну, саат 17:00гө чейин
📧 Электрондук почта: office@fsds.kg
📞 Байланыш телефону: +996 550 780 715 (Мээрим)
Кат жөнөтүү темасы: “Team building FSDS”
Жаңы комментарий кошуу