Бүгүн, 15-декабрда, Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фондунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтобекова менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуу учурунда, инклюзивдүү коом программасынын координатору Салтанат Сулайманбекова министрлик менен FSDS фонду ортосунда түзүлгөн эки тараптуу кызматташуу тууралуу меморандумдун алкагында жетишилген жетишкендиктер тууралуу баяндады.

Министрлик учурда 2023-жылга чейинки иш-plандарын иштеп жатканына байланыштуу, жолугушуунун катышуучулары мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен милдеттерди талкуулашты. Социалдык өнүктүрүү министри Солтобекова мындай жолугушуулар уюмдар үчүн маанилүү жана зарыл экенин белгиледи, анткени бул жерде биргелешкен иш-аракеттерди талкуулоого, ресурстарды бириктирүүгө жана биргелешкен долбоорлор үчүн идеяларды сунуштоого мүмкүнчүлүк бар.