«Падыша-Ата экотуристтик кооперативи» долбоорунун алкагында керемет боз үй шаарчасы менен таанышууга жана жергиликтүү азыктардан даам татууга мүмкүнчүлүк берген зыяраттык турду ишке киргизүү пландалууда.

🤝 2023-жылдын апрель айында Аксый райондук мамлекеттик администрациясында маршруттар жана туристтик жерлерди талкуулоо үчүн тегерек стол өткөрүлгөн. Райондун акими Сыдыков Замирбек жана туризм тармагынын жетекчисинин орун басары Ала-Бука жана Аксый райондорундагы туристтик кызмат көрсөтүүчүлөр менен бирге бардык деталдарды талкуулашты.

✅ Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн арасында туристтер үчүн транспорт кызматтарын, коомдук тамактануу кызматтарын көрсөткөндөр жана конок үйлөрдүн ээлери болду. Быйылкы туристтик сезондо зыяраттык турдун апробациясы пландалууда.

🌿 Тегерек столдо эл аралык деңгээлдеги эксперт Лада Хасанова «Туруктуу өнүгүү», анын ичинде туруктуу туризмди өнүктүрүү темасында доклад жасады. Жергиликтүү азыктардын жана маданий мурастын объекттеринин автентикалуулугун жана тарыхый баалуулугун сактоо абдан маанилүү.

👀 Өзгөчө белгилей кетчү нерсе: бул зыярат Ала-Бука районундагы «Шах-Фазиль» жана Сафед Булан тарыхый мурастарынын айланасында курулат.

👉 Эки күнгө созулган дем алыш тур сунушталды, жана туроператорлор маршруттун техникалык бөлүгүн иштеп чыгууга катышууга кызыгуу көрсөтүштү.