Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Кыргызстан – 2024-жылдын 26-29-майында Ош жана Жалал-Абад облустарында, 5-6-июнунда Ысык-Көл облусунда приключенческий жана тоо туризми боюнча гиддер үчүн тренингдер өткөрүлдү. Бул маанилүү иш-чара катышуучуларга өз билимин кеңейтүүгө жана кесиптик деңгээлин жогорулатууга жакшы мүмкүнчүлүк берди. Тренинг ПРООН Кыргызстан тарабынан ОФ FSDS менен өнөктөштүктө жана Финляндия өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулду.
Тренингдин негизги максаты — катышуучуларды тоо жана приключенческий туризм жаатында практикалык көндүмдөргө, ошондой эле тоолуу шарттарда биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча негизги билимдерге үйрөтүү болду. Бул максаттарга жетүү үчүн презентациялар, жекече жана топтук иштер, практикалык көнүгүүлөр жана пикир алмашуу ыкмалары колдонулду.
Катышуучулардын бири Нуртаалай өз таасирлери менен бөлүшүп, алган билимдери анын гид катары ишинде чоң жардам берерин белгиледи. Ал өзгөчө тоодо биринчи жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп өттү:
«Тренингде биз приключенческий туризмдин түрлөрү, бийиктик оорусунун белгилерин кандайча аныктоо жана туура жардам көрсөтүү жөнүндө үйрөндүк. Бул туристтердин коопсуздугу үчүн абдан маанилүү.»
Нуртаалай жаңыдан гид болуп иштей баштаган. Мурда ал үй-бүлөсүнө боз үй бизнесинде жардам берип келген. Анын айтымында, Кыргызстанды чет элдик конокторго таанытуу — чоң сыймык.
Дагы бир катышуучу Арууке мындай деди: «Гид катары кээ бир маанилүү нерселерге маани бербей жүргөнүмдү түшүндүм. Мисалы, гиддин этикасы – бул кичинекей көрүнгөн нерселер коноктордун коопсуздугуна жана ыңгайлуулугуна чоң таасир этет экен. Гид – туристти өлкөдө эң биринчи тосуп алган адам. Ошондуктан туристтин өлкө тууралуу таасири көбүнчө гидге байланыштуу болот.»
Ошондой эле тренинг учурунда катышуучулар ийгиликтүү жана ийгиликсиз тажрыйбаларын бөлүшүшүп, кыйын учурларды алдын алуу жана туристтерди татаал маршруттарга кантип туура даярдоо боюнча билим алышты. Практикалык бөлүктө адистер жер таануу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, тоолук жүрүштөрдүн стратегияларын түзүүгө жана приключенческий туризмдин негизги аспектилерин түшүнүүгө көмөктөштү.
ПРООН Финляндия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен «Борбордук Азия өлкөлөрүндө соода-сатыкты өнүктүрүү» долбоорунун бешинчи фазасын ишке ашырууда. Долбоор Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүндө инклюзивдүү жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоону, «жашыл» Цепочка Добавленной Стоимости (ЦДС) аркылуу экономика атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну көздөйт.
Жаңы комментарий кошуу