Сенде инновациялык долбоор же идея барбы, ал мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосун жакшырта алат?
Өзүңдүн идеяңды жашоого ашыруу үчүн колдонууну каалайсыңбы?
Андай болсо, бул шилтеме аркылуу өтүп, Мейкатон 2022ге катышуу үчүн арызыңды толтуруп, дүйнөнү бардык адамдар үчүн жеткиликтүү кыл!
Мейкатон – бул 72 сааттык марафон, анда ойлоп табуучулар, иштеп чыгуучулар, инженерлер, дизайнерлер, дарыгерлер («мейкеры – makers») мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана адамдар менен жана алардын жакындары менен («нид ноуэры – need knowers») биригип, балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган жеткиликтүү жана оңой адаптациялануучу чечимдерди иштеп чыгышат.
Максат: мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жана балдардын жашоосун жакшыртуу үчүн жаңы чечимдерди түзүү же бардыгын жакшыртуу. Бул жылы биринчи #МейкатонTOM: Ош 2022 март айында Ош шаарында өтөт. Иш-чаранын уюштуруучусу ОФ Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS).
Катышуу үчүн арызды (кыргыз же орус тилдеринде) төмөнкү шилтемелерден толтуруңуз:
https://forms.gle/hNLiMN32HB9Co7FP8 (кыргыз тилинде)
https://forms.gle/qzKW1WW9VyqqS8zBA (орус тилинде)
Мейкатондор өткөн жылдары кандай болгонун төмөнкү жерден караңыз:
Дедлайн: 2022-жылдын 20-февралы
Кошумча маалымат үчүн: meerim.toichueva@fsds.kg, 0707 553 403
Жаңы комментарий кошуу