12-майда "Fair and Sustainable Development Solutions" (FSDS) коомдук фонду журналисттер жана медиа адистери үчүн "Төлөк жашоонун борбору" жана "Рука в Руке" коомдук уюмунун офисине пресс-тур уюштурду.

Пресс-тур "Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдик коом" долбоорунун алкагында өтүп, журналисттер эки борбордун иши менен таанышышты.

"Төлөк жашоонун борборунда" "Равенство" коомдук уюму, FSDS фонду тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социалдык адаптациялоого жардам берүү үчүн түзүлгөн, журналисттерге борбордун ичинде кандай жашоо шарттары түзүлгөндүгү, реабилитациялык программалар жана балдардын жеке тарыхтары тууралуу айтып беришти.

Андан кийин журналисттер үчүн "Рука в Руке" коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган аутизм менен жабыркаган балдар үчүн реабилитациялык борборго тур уюштурулду. Борбордун адистери аутизм менен жабыркаган балдар үчүн өтүлгөн сабактарды көрсөтүшүп, реабилитация этаптарын чагылдырган видеороликтерди да сунушташты.

Борбордун директору Жылдыз Садыкова билдиргендей, мындай иш-чаралар коомчулукка аутизм менен жабыркаган балдардын проблемаларын жеткирүү үчүн абдан маанилүү.

"Кыргызстанда ар бир жыл сайын мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны өсүп жатат. Бүткүл дүйнөдө, анын ичинде постсоветтик мамлекеттерде эрте кийлигишүү программалары бар. Биз мамлекеттик деңгээлде ушул балдар үчүн эрте аныктоо программаларын ишке киргизип, шарттарды түзүшүбүз керек", - деди Садыкова.