Ош, Жалал-Абад, Кыргызстан – 2024-жылдын 15-18-майы аралыгында Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фонду Программасынын өнүктүрүү боюнча БУУ (ПРООН) Кыргызстан менен өнөктөштүктө Ош жана Жалал-Абад облустарындагы турпровайдерлер жана туроператорлор үчүн атайын иштелип чыккан бизнес-пландоого арналган уникалдуу тренинг өткөрдү. Бул тренинг «Приключенческий туризм жаатындагы Цепочка Добавленной Стоимости (ЦДС) кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүү» багытынын алкагында ишке ашырылды жана туризм тармагында ийгиликтүү бизнес жүргүзүүнүн негизги аспектилерин камтыды.
Тренингдин негизги максаты — катышуучуларды натыйжалуу бизнес-пландарды иштеп чыгууга үйрөтүү жана алардын компанияларын туруксуз экономикалык шарттарда өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү. Буга чейин ушул сыяктуу тренинг 7-8-майда Каракол шаарында да өткөрүлгөн.
Тренингдин өзгөчө бөлүгү инклюзивдүү туризмге басым жасоо болду — бул бардык калк катмарынын, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, жаштардын жана аялдардын муктаждыктарын эске алуу дегенди билдирет. Бул ыкма туризмди бардык коомдук катмарлар үчүн жеткиликтүү жана пайдалуу кылууга көмөктөшөт жана аз камсыз болгон топторду экономикалык процесстерге тартууга өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, инклюзивдүү туризмди өнүктүрүү жергиликтүү жамааттарды жана уюмдарды туристтик программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга активдүү тартууну да талап кылат. Бул экономика өсүшүнө гана эмес, маданий мурасты жана экологияны сактоого да көмөктөшөт.
«Биздин айылда туризмди өнүктүрүүгө, туристтерди кабыл алууну үйрөнүүгө кызыккан көп аялдар бар. Мен аларга билимим жана тажрыйбам менен жардам берүүгө ниеттенип жатам. Биз аялдарды колдоп, өз аймагыбыздагы туризмди өнүктүрүшүбүз керек», — деп бөлүштү Арстанбап айылындагы конок үйүнүн ээсинин сөзү.
FSDS коомдук фонду жана ПРООНдун өнөктөштүгү Финляндия өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө жана анын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.
ПРООН Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган Борбордук Азия өлкөлөрүндө «Сауда-сатыкты өнүктүрүү» долбоорунун бешинчи фазасын ишке ашырууда. Бул долбоор Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнө инклюзивдүү жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоодо, «жашыл» ЦДСтерди алдыга жылдыруу жана экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Жаңы комментарий кошуу