Биз майыптыгы бар балдардын ата-энелери үчүн "Передышка" программасын сунуштайбыз. Бул – ийкемдүү жана мезгил-мезгили менен көрсөтүлүүчү кызмат, майыптыгы бар балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөргө жардам берүү үчүн түзүлгөн. Программа баланын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн стрессин азайтууга, ошондой эле аларды коомдук турмушка көбүрөөк тартууга жана жалгызсырабоого жардам берет.
☎️ "Передышка" программасы 3 жаштан 8 жашка чейинки ар кандай физикалык жана акыл-эс өнүгүүсүндө өзгөчөлүгү бар балдар үчүн жеткиликтүү. Ата-энелер балдарын жумасына эки жолу 2 же 4 саатка алып келип, убактылуу социалдык кызматкерлерге калтыра алышат.
Катталгыңыз келеби? 0550 780 803 номерине чалыңыз, Саадат — программанын адиси.
Жаңы комментарий кошуу