«Кыргызстан жана Өзбекстандагы аяр үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү» долбоорунун алкагында биз ишкердик жана бизнес-пландоо боюнча окууларды баштайбыз. Окуулардан кийин максаттуу региондордогу жаштар жана аялдар арасында бизнес-стартаптар жана чакан бизнести колдоо боюнча конкурс өткөрүлөт. Бардык кызыккандарды биздин демилгеге кошулууга жана маалыматтык видеобузду көрүүгө чакырабыз — анда бардык маалыматтар камтылган. Окуулар май айында башталат, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыздар!