ОФ FSDS 2020-жылдан бери "Кыргызстандагы ден-соолукту сактоочу тамактануу үчүн жергиликтүү азык-түлүк системасын колдоо" деген регионалдык долбоорду ишке ашырып келет, ал уязвимдүү топтордун жашоо сапатын жакшыртууга багытталган. Биз азык-түлүк коопсуздугуна өзгөчө маани берип, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп келебиз. Ошондой эле туруктуу айыл чарба алкагында мал чарбачылыгынын продуктивдүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө иштеп жатабыз. Жакында Кочкор жана Тон райондорунда кургакчылыкка чыдамдуу азык-түлүк өсүмдүктөрүн сынап көрүү боюнча даярдык иштерин жүргүздүк.

Биздин ишибиз тууралуу ойлоруңузду бөлүшкөнүңүзгө кубанычта болобуз!