Жаңы жыл — бул кыялдар орундалган керемет учур! Бул майрам, айрыкча, балдар үчүн чоң мааниге ээ. Биз да бул керемет күндө “Каракол” балдар үйүнүн жана Каракол шаарындагы Күндүзгү балдарды реабилитациялоо борборунун балдарына кам көрүүнү жана жылуулук тартуулоону кааладык.
Акциянын жүрүшүндө биз балдар үчүн жылуу кийимдерди, китептерди, настолдук оюндарды, кеңсе буюмдарын, өзгөчөлүктөрү бар балдар үчүн өнүктүрүүчү оюнчуктарды, таттууларды жана жемиштерди чогулттук.
Иш-чарага катышып, өз белектерин берип, кайрымдуулукка салым кошкон төмөнкү өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдиребиз:
-
European Union in Kyrgyzstan
-
Coca-Cola Kyrgyzstan
-
Куликовский
-
Раритет
-
FAO Kyrgyzstan
Балдар майрамын уюштурууда жардам көрсөткөнү үчүн Жаштар Волонтёрдук Уюму “Лидерство” командасына ыраазыбыз.
Күн сайын балдардын кубанычтуу көз карашын, кереметке ишенген жүздөрүн көргүң келет! ✨
Жаңы комментарий кошуу