Жолугушуунун негизги максаты — KGFRAS тармагынын мүчөлөрүнүн маалымдуулугун жогорулатуу, тажрыйба жана идеялар менен алмашуу, ошондой эле өз ара кызматташууну жана командалык ишти күчөтүү.

Программанын алкагында катышуучулар таанышып, командалык спорттук мелдештерге катышып, KGFRAS тармагы тууралуу квизге жана маалыматтык сессияга катышышты. Маалыматтык сессияда НКОлор үчүн фандрайзингдеги жаңы тенденциялар жана Кыргызстандагы айыл чарбасында донорлорго сунуштоого боло турган санариптик инновациялар талкууланды.

Мындай жолугушуулар тармактын мүчөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө, тажрыйба бөлүшүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө маанилүү шарт түзөт.