Кийинки эки жыл ичинде биз «Хамрох» өнөктөш уюму менен кызматташып, Анжиян облусунун Ханабад районундагы Бунёдкор айылында жана Пахтаабад районундагы Кайыр айылында долбоорду ишке ашырууда иш алып барабыз.

Биздин аткаруучу директор жана «Кыргызстанда жана Өзбекстанда аярлуу үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү» долбоорунун менеджерлери максаттуу жерлердин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушушту. Биз долбоорубузду тааныштырдык жана жергиликтүү бийликтерден толук колдоо жана кызыгууну алдык. 🤝💼

📚 Биздин сапардын алкагында бизнес-пландоонун негиздери боюнча тренингдер дагы өткөрүлдү. Катышуучулар бизнес-пландарды түзүү, маркетинг жана өз идеяларынын бюджетин пландоо боюнча баалуу билим жана көндүмдөрдү алышты.

Жакынкы аралыкта катышуучулар өз бизнес-долбоорлорун ишке ашыруу үчүн грант алуу боюнча сынакка катыша алышат. 🏆💰

📈 Биз Өзбекстандагы ушул алгачкы кадамдарга абдан кубанычтабыз жана өнөктөштөрүбүз жана максаттуу коомчулуктар менен биргеликте аймакта социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даярбыз.