Эми биз жеткиликтүү жана инклюзивдүү чечимдерди түзүүгө шыктанып жатабыз, анткени FSDS дүйнөлүк #TOMGlobal кыймылына кошулду! Бул эмне жана ал биздин коомго кантип жардам берет?

TOM — Tikkun Olam Makers (ивриттен которгондо “дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүү”) — бул майып адамдарга күнүмдүк турмушта керектүү чечимдерди табууга жардам берген глобалдык коомдук кыймыл. Максат — дүйнө жүзүндөгү 250 миллион мүмкүнчүлүгү чектелген адам үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.

2019-жылы Бишкекте TOM:Kyrgyzstan алкагында биринчи #Мейкатон өткөрүлгөн. Бул аянтча, кайсы жерде ойлоп табуучулар жана мейкерлер технологиялар аркылуу майып адамдардын (need knowers) турмуштук көйгөйлөрүнө чечимдерди сунуштаган.

Биз #TOMGlobal глобалдык кыймылынын бир бөлүгү болгонума абдан кубанычтабыз жана нидноуэрлердин жашоосун толук жана ыңгайлуу кылуучу инициативаларды ишке ашырууга даярбыз.