Кечээ, Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда FSDS дыйкандарга 9 миң түп көчөт (алма, өрүк, карагат жана малина), 21 генератор жана 21 балапан инкубаторун таратты. Бул техникалык жардам «Кыргыз Республикасынын айыл калкы үчүн азык-түлүк коопсуздугу» долбоорунун алкагында көрсөтүлдү, ал муктаж болгон үй-бүлөлөрдө ачарчылык тобокелдигин азайтууну максат кылат.
Жардамды салтанаттуу тапшыруу аземине жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары жана орун басарлары, ошондой эле FSDS коомдук фондунун аткаруучу директору Муратбек Исмаилов катышты. Биздин өнөктөш уюм «Акылман Консалт» жер-жерлерде түздөн-түз иш алып барууда.
Биз дыйкандарды колдогонубузга жана айыл тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча ишибизди улантканыбызга кубанычтабыз.
Жаңы комментарий кошуу