• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • Июль

    25

    2024

Ушул шаршемби, 2024-жылдын 24-июлунда Араван районунун Сырт айылында талаа күнү өттү

Араван районунун “Төө-моюн” АӨ “Жалал-Абад жана Ош облустарынын пилоттук аймактарындагы үй-бүлөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун жана тамактануусун жакшыртуу” социалдык долбоорлорунун алкагында түзүлгөн аялдар топторунун жетишкендиктерин коомчулукка көрсөтүү боюнча талаа күнү өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — тажрыйбаны жана айыл чарбасында ийгиликтүү колдонулуп жаткан технологияларды жайылтуу болду.

Иш-чараны райондук айыл чарба департаментинин өкүлү, Төө-Моюн АӨ башчысы Дүмүров Самат, FSDS коомдук фондунун директору Исмаилов Мурат, СКС Жалал-Абад коомдук фондунун директору Жайболотов Сыргабек ачып жана ошондой эле айыл аксакалдары, тургундары, топтун мүчөлөрү катышышты.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions