• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • Июль

    22

    2024

Араван районунун Төө-Моюн АӨ  “Жалал-Абад жана Ош облустарынын пилоттук аймактарындагы үй-бүлөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун жана тамактануусун жакшыртуу” социалдык долбоорлорунун алкагында түзүлгөн аялдар топторунун жетишкендиктерин көрсөтүүгө арналган талаа күнү өтөт.

2024-жылдын 24-июль күнү саат 09:00, Кыргыз Республикасы, Араван району, Сырт айылы, Төө-моюн АӨ.

Араван районунун Төө-Моюн АӨ  “Жалал-Абад жана Ош облустарынын пилоттук аймактарындагы үй-бүлөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун жана тамактануусун жакшыртуу” социалдык долбоорлорунун алкагында түзүлгөн аялдар топторунун жетишкендиктерин көрсөтүүгө арналган талаа күнү өтөт.

Иш-чаранын негизги максаты — аялдар топторунун жетишкендиктерин коомчулукка тартуулоо, айыл чарбасында тажрыйбаны жана ийгиликтүү колдонулуучу технологияларды жайылтуу.

Иш-чарага Араван районунун акими, Райондук айыл чарба департаментинин, АӨ башчы, Ош областык органика департаменти, “FSDS” КФ өкүлдөрү, “СКС Жалал-Абад” КФ командасы, айыл башчылар, топтордун мүчөлөрү, айыл тургундары катышат.

Иш-чара талаа күнүнүн ачылышы менен башталат. Долбоор тууралуу маалыматтын бет ачары жана катышуучулардын тажрыйба алмашуусу күтүлүүдө.

Баардык кызыккан тараптарды жана массалык маалымат каражаттарды катышууга чакырабыз. Бул талаа күнү айыл коомчулугун чыңдоо жана айыл чарбасынын түрдүү тармактарында тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү окуя болот.

Маалымат үчүн:
FSDS коомдук фонду
Долбоордун менеджери
Данияр Жасоолов
Моб. +996 552 794 979
Эл. адрес: daniyar.jasoolov@fsds.kg  

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions