Урматтуу өнөктөштөр жана кесиптештер,
«Туризм: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» аттуу тегерек үстөлдүн алкагында жарандык коомдун, туристтик сектордун, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстан менен Тажикстандагы туризмди өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрдү жана перспективаларды талкуулашты.
Талкуулар туруктуу, инклюзивдүү жана экологиялык туризмге, жергиликтүү жамааттардын катышуусуна жана секторлор аралык кызматташтыкка арналды.
Жыйынтыгында туристтик тармакты өнүктүрүү, жергиликтүү демилгелерди колдоо жана ар бир адам үчүн жеткиликтүү, адилеттүү туризмди илгерилетүү боюнча сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынды.
Жаңы комментарий кошуу