Урматтуу достор жана өнөктөштөр,

Бул отчетто 2018–2019-жылдардагы ишибиздин жыйынтыгын тартуулайбыз. Бул мезгилде биз инклюзияны, туруктуу өнүгүүнү жана аярлуу топторду колдоо багытында бир топ ийгиликтерге жетиштик.

Ишибиздин негизги багыттары:

  • Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды активдүү турмушка тартуу

  • Туризмди жана чакан бизнести өнүктүрүү

  • Азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо

  • Коопсуз миграцияны жана социалдык интеграцияны колдоо

Биздин ишибизге салым кошкон бардык өнөктөштөргө, жамааттарга жана ыктыярчыларга ыраазычылык билдиребиз. Бирге – инклюзивдүү келечекке!