Ачык коомдук фондго "Fair and Sustainable Development Solutions" (FSDS) бухгалтер талап кылынат
Талаптар:
-
Бухгалтердик эсеп жана каржы тармагында жогорку билим;
-
Бухгалтерия боюнча 3 жылдан кем эмес тажрыйба;
-
Финансылык башкаруу, бухгалтериянын КРдагы процедуралары, салык саясаты жана башка мыйзамдык нормалар боюнча терең билим;
-
Эл аралык уюмдардын финансылык башкаруу процедуралары боюнча жакшы билим;
-
Орус жана кыргыз тилдерин жакшы билиш керек;
-
1С бухгалтерия программасын жана Microsoft Office программаларын билүү шарт;
-
Эл аралык уюмдарда ушул тармактагы тажрыйба (өстүрүлөт);
-
Переговорлорду жана иш кагаздарын жүргүзүү тажрыйбасы;
-
Англис тилин билүү артыкчылык.
Милдеттер:
-
Баштапкы бухгалтердик эсепти жүргүзүү;
-
Баштапкы документтер менен иштөө: кабыл алуу, текшерүү жана баштапкы документтерди иштеп чыгуу (актылар, касса жана кадрдык документтер, келишимдер жана башкалар);
-
Отчеттук мезгилдер боюнча салык эсептөө жана төлөө;
-
Сатып алуулар боюнча финансы операцияларын жүргүзүү;
-
Уюмдун мүлкүн, негизги каражаттарды, милдеттемелерди эсепке алуу;
-
Бухгалтерия жана салык отчеттуулуктарын даярдоо жана салык инспекциясына тапшыруу.
Шарттар:
-
Официальдуу каттоо (жумуш келишими);
-
Жалаакы интервью учурунда сүйлөшүлөт. Бардык кызыккан кандидаттар өз резюмесин жана кыскача коштомо катты кыргыз же орус тилдеринде sultan.aitbaev@fsds.kg электрондук почтасына 07-февраль 2021-жылдын 17:00 чейин жөнөтүшү керек.
Жаңы комментарий кошуу