Вакансия: Бухгалтер-финансист
Талаптар:
-
Бухгалтердик эсеп, финансы же экономика багытында жогорку билим.
-
Бухгалтерия тармагында кеминде 3 жылдык тажрыйба, долбоордук ишмердүүлүк жаатында иштеген артыкчылык болот.
-
Эл аралык донорлор тарабынан каржыланган долбоорлордо иштөө тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.
-
Кыргыз Республикасынын Салык кодексин билүү жана долбоорлордогу салык салуу жаатындагы тажрыйба.
-
Финансылык суроолор боюнча кат алышуу жана арыздарды даярдоо үчүн англис тилин билүү кошумча артыкчылык катары эсептелет.
Негизги милдеттер:
-
МСФО талаптарына ылайык финансылык отчетторду түзүү.
-
Долбоорлордун финансысын башкаруу: бюджет түзүү, эсепке алуу жана көзөмөл жүргүзүү.
-
Аудиторлор жана донорлор үчүн отчетторду даярдоо.
-
Бюджеттин жана каражаттардын абалын көзөмөлдөө.
-
1С: Бухгалтерия программасы аркылуу эсепти техникалык коштоо.
Кантип кайрылууга болот:
Резюмеңизди, мотивациялык катыңызды жана 2 сунуш катты (англис же орус тилинде) 2025-жылдын 9-февралы, саат 17:00гө чейин office@fsds.kg дарегине жибериңиз.
FSDS командасынын мүчөсү болууга мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз! Кыска тизмеге кирген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.