Бишкекте 18 жана 19-мартта «Жаңырык» улуттук тармаксынын 15 активдүү мүчөсү үчүн тренинг өтүүдө, анда алар гранттарга социалдык долбоорлорду иштеп чыгуунун жөндөмдөрүн жакшыртышат.
Интерактивдүү тренингдин катышуучулары долбоордун этаптарын даярдоодо практикалык билимдерди алышты: долбоордун максаттарын жана милдеттерин формулировкалоо, логикалык структураны түзүү, бюджет түзүү, индикаторлорду иштеп чыгуу, мониторинг жана баалоо.
Тренингди ИШТЕ консалтингдик компаниясынын эксперттери жүргүзүүдө, ал «Fair and Sustainable Development Solutions» (FSDS) коомдук фондунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.
«Жаңырык» улуттук тармагын колдоо жана анын потенциалын күчөтүү – Кыргызстандагы майып балдардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрүн жылдыруу боюнча ОФ FSDSтин стратегиялык максаты.
Жаңы комментарий кошуу