2026-жылдын 10–11-ноябрь күндөрү Баткен шаарында ОФ FSDS тарабынан чакан жана микробизнес өкүлдөрү үчүн бизнес-пландоо боюнча эки күндүк тренинг өткөрүлдү. Тренингге өз ишин өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө кызыкдар болгон 15 ишкер катышты.

Эки күндүн ичинде катышуучулар өз бизнес-идеяларынын үстүндө иштеп, аларды ишке ашыруунун реалдуу пландарын түзүүнү үйрөнүштү. Программанын алкагында рынокту жана атаандаштарды талдоо, максаттуу кардарларды аныктоо, атаандаштык артыкчылыктарды түзүү, маркетинг жана каржылык пландоо маселелери каралды.

Маркетинг боюнча практикалык иштерге өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар товарларын жана кызматтарын туура таанытууну, бизнес баракчаларын түзүүнү, социалдык тармактардагы профилдерин жасалгалоону жана кардарларды тартуу жолдорун үйрөнүштү.

Каржылык пландоо бөлүгүндө ишкерлер чыгымдарды жана күтүлүүчү кирешени эсептеп, керектүү жабдууларды аныкташты жана аларды сатып алуу боюнча техникалык мүнөздөмөлөрдү даярдашты. Ошондой эле ар бир катышуучу өз долбоорун алдыдагы 12 айда ишке ашыруунун кадамдык планын түздү.

Тренингдин соңунда катышуучулар өз бизнес-долбоорлорун тааныштырып, тренерлерден сунуш-пикирлерди жана долбоорлорун жакшыртуу боюнча кеңештерди алышты.

Бул тренинг катышуучулар үчүн жаңы билимдерди алып гана тим болбостон, аларды практикада колдонууга, тажрыйба алмашууга жана өз ишин өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн көрүүгө шарт түздү.

ОФ FSDS жергиликтүү ишкерлердин демилгелерин колдоону улантып, алардын бизнес-идеяларын ишке ашырууга жана жергиликтүү жамааттардын экономикалык өнүгүшүнө салым кошууга көмөктөшөт.