КУЛАКТАНДЫРУУ: АЙЫЛДЫН ТАЗА СУУ СИСТЕМАСЫН ЖАКШЫРТУУГА МАТЕРИАЛДЫК
КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ
«FSDS» Коомдук фонду – Кыргызстанда 2014-жылы негизделип, калктын жашоосун адилет экономикалык өнүктүрүү аркылуу жакшыртууга өз салымын кошуп келет. «FSDS» Коомдук фонду айылдардын таза-суу системасын куруу же оңдоо иштерине материалдык колдоо көрсөтүү максатында, кызыкдар болгон жергиликтүү бийлик органдарын “Таза-суу” долбооруна катышууга чакырат.
Долбоорго катышуунун талаптары:
- Кыскача негиздеме;
- Айылдын таза суу системасы мамлекеттин же башка донорлордун таза-суу боюнча каржылоосунда толугу менен каралбаган болуш керек;
- Толук техникалык документациялардын бар болушу;
- Санитардык шайкештик;
- Таза-суу системасынын туруктуулугун камсыз кылуунун далили;
- Өздүк салым.
FSDS Коомдук уюму төмөнкү учурларда колдоо көрсөтө албайт:
- Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса;
- Акчалай жардам сурап кайрылган учурларда;
- Техникалык документацияны даярдоого;
- Уруксат берүүчү документтерди же макулдашууларды алууга;
Катышуу үчүн Тиркеме 1 форматын толтуруп, каттын темасын «Таза-Суу» деп белгилеп, 2021-жылдын 21-июнунун саат 18:00 чейин office@fsds.kg дарегине жиберүү зарыл.
Суроо жооптор үчүн 0550 780 821 же 0550 780 825 номерлери менен байланыша аласыз.
Эскертүү: Каттардын көп болгондугуна байланыштуу документтер почтага келип түшкөндүгү тууралуу тастыктоо берилбейт. Тандалып алынган гана долбоорлор менен байланышуу мүмкүн болот.