- By admin
- In Жаңылыктар
📣 Кечээ Баткен облусунун Раззаков айылында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын заманбап коомго кошкон салымына арналган маанилүү конференция болуп өттү.
Иш-чара FSDSтин колдоосу менен «Стимул» коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Конференцияда мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле жарандык активдүүлүктү өнүктүрүү маселелери талкууланды. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана алардын ата-энелери тарабынан түзүлгөн өз ара жардам көрсөтүү топторунун буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулду. Конференциянын жыйынтыгы бийлик жана ЖӨБ органдарын мүмкүнчүлүгү чектелген