• Русский
  • Кыргыз
  • English

``Дени сак тамактануу үчүн жергиликтүү тамак-аш системасын колдоо`` долбоору

Долбоордун максаты – азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган улуттук жана жергиликтүү программаларды иштеп чыгууга көмөктөшүү.

2017-жылдан бери FSDS коомдук фонду мамлекеттик жана жергиликтүү өнөктөштөр менен биргеликте Кыргызстан менен Тажикстандын тамактануу сапатын жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашырууда.

Тактап айтканда, долбоор аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана фермердик чарбаларга азык-түлүк өндүрүшүн диверсификациялоо, үй-бүлөлүк тамак-аштарды сактоону жакшыртуу жана азык-түлүктүн коромжулугун жана калдыктарын азайтуу, ошондой эле органикалык жана климатка туруктуу тамак-аш өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн техникалык жардам көрсөтөт.

Долбоор ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарды жана программаларды өркүндөтүү үчүн райондук жана улуттук кызыкдар тараптарга эксперттик колдоо көрсөтөт.

ДОЛБООРДУН ЧОО-ЖАЙЫ

Долбоордун аталышы "Дени сак тамактануу үчүн жергиликтүү тамак-аш системасын колдоо" долбоору
Калк Кыргызстан, Таджикистан
Долбоор мезгили Июль 2019 - Декабрь 2020
© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions