• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • January

    30

    2023
FSDS Коомдук Фонду майып балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоо иретинде, киреше алып келүүчү ишмердүүлүк боюнча компонентти жүзөгө ашырууну улантууда.

FSDS Коомдук Фонду майып балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоо иретинде, киреше алып келүүчү ишмердүүлүк боюнча компонентти жүзөгө ашырууну улантууда.

✅ Баткен облусунда бизнес-пландаштыруу боюнча тренингди өтүшкөн 5 үй-бүлө FSDS Коомдук Фондунун Кыргыз Республикасында майыптыгы бар балдар үчүн инклюзивдүү коомду куруу боюнча долбоорунун алкагында тигуучу машиналарды, пельменди даярдоочу аппаратын жана мини-мешин жардам катары алышты.

✅ Ушундай колдоо көрсөтүү жөнүндө идея төмөнкү көйгөйдөн улам келип чыкты – энелер киреше алып келүүчү ишмердүүлүк менен алектенгендиктен, балдары жөнүндө өзгөчө кам көрүүгө убактылары калбай калат. Бул терс көрүнүштүн таасирин азайтуу максатында ата-энелерге – курамында ата-энелер өздөрү турган өз ара жардамдашуу топторун түзүү сунушталган. Аталган топтордо милдеттер тийиштүү түрдө өз ара бөлүштүрүлүп, жалпы иштерде жана өзгөчө муктаждыктары бар балдарды зарыл болгон камкордук менен камсыздоодо бири-бирине колдоо көрсөтүлөт.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions