• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • February

    4

    2023
FSDS айылдарды таза суу менен камсыз кылууну улантууда

FSDS айылдарды таза суу менен камсыз кылууну улантууда

2023-жылдын 23-январында FSDSдин адистери алыскы райондордун тургундарын таза суу менен камсыздоо программасынын алкагында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айылдарына барышты.

Буга чейин аталган аймактардын жашоочулары жаңы конуштарды тандоо сынагына катышып, таза суу тутумун жаңылоого кызыкдар экенин билдиришкен. Долбоордун адистери айылдарга барып, баалоону жүргүзүштү. Анда алар көйгөйдүн маанилүүлүгүнө, долбоордук документтердин даярдыгына жана албетте жергиликтүү бийлик органдарынын кызыкчылыгына көңүл бурушту.

Тандалган айылдардын жыйынтыгы февралдын башында чыгарылат.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions