Достор! FSDS коомдук фондунун командасы Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынан кийин кайтып келди!
Тоң жана Жети-Өгүз райондоруна караштуу 7 айылды кыдырып, жергиликтүү бийлик башчылары, жергиликтүү тургундар менен жолугуп, аткарылган иштердин жыйынтыгы менен тааныштырдык. Ар бир айылда суу түтүктөрүн жаңыртуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп, айыл өкмөттөрү жана суу жамааттары менен биргеликте суу түтүктөрүн алмаштырып, суу алгычтарды, жада калса суунун чыгымдалышын көзөмөлдөө үчүн акылдуу эсептегичтерди орнотушту. Ар бир айылдын жашоочулары