• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • August

    24

    2022
23-августта Бакыян айыл өкмөтүнүн жана Талас шаарынын мамлекеттик, жеке жана коммерциялык эмес секторлорунун өкүлдөрү үчүн «22 жылдын 22 мыкты идеясы» аттуу демилгелер жарманкеси өттү.

23-августта Бакыян айыл өкмөтүнүн жана Талас шаарынын мамлекеттик, жеке жана коммерциялык эмес секторлорунун өкүлдөрү үчүн «22 жылдын 22 мыкты идеясы» аттуу демилгелер жарманкеси өттү.

🤝 Кечээ, 23-августта Бакыян айыл өкмөтүнүн жана Талас шаарынын мамлекеттик, жеке жана коммерциялык эмес секторлорунун өкүлдөрү үчүн «22 жылдын 22 мыкты идеясы» аттуу демилгелер жарманкеси өттү. Бул иш-чара «Жарандык Жиргердештирүү» коомдук фонду жана Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фонду менен биргеликте уюштурулду.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана жарандык активисттер катышты.

Жарманкенин негизги максаты бийлик жана бизнес өкүлдөрүнүн көңүлүн жергиликтүү деңгээлде жаштардын жана аялдардын экономикалык активдүүлүгүн күчөтүү көйгөйүнө буруу болгон. Катышуучулар бизнес-идеялары менен бөлүшүп, бийлик органдарынан жана чакырылган ишкерлерден кеп-кеңештерин, сунуштарын жана колдоосун алышты.

Жарманкенин жыйынтыгы боюнча калыстар тобу эң креативдүү жана туруктуу бизнес-идеяларды тандап алышты. Жакында бул бизнес-идеялар ишке аша баштайт.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions