• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • March

    1

    2023
🤩 Бүгүнкү күндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн «Келечек» реабилитациялык борборунда «Тыныгуу» кызматы ачылганын кубануу менен билдиребиз.

🤩 Бүгүнкү күндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн «Келечек» реабилитациялык борборунда «Тыныгуу» кызматы ачылганын кубануу менен билдиребиз.

Бул кызмат Майып балдар үчүн инклюзивдик коом долбоорунун алкагында Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) тарабынан ишке киргизилген. Эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери күнүмдүк иштерди аткаруу үчүн атайын даярдалган социалдык ассистенттин жардамын ала алышат.

Жаңы кеңсенин ачылышына Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, FSDS коомдук фондунун аткаруучу директору Муратбек Исмаилов, ошондой эле өнөктөштөрү жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери катышты. FSDS “Тыныгуу” бөлмөсүн өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн керектүү нерселердин баары менен жабдаган. Ал жерде ата-энелер балдарын социалдык кызматкерлерге бир нече убакытка чейин алып келип, калтыра алышат. Эс алуу кызматы ата-энелерибиз жана балдарыбыз үчүн чыныгы жардамчы болуп калат деп ишенебиз.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions