• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • November

    16

    2022
🤝 2022-жылдын 16-ноябрында, Бишкекте Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фонду “Кыргызстандын жана Тажикстандын аялуу топтору үчүн социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү” долбоорунун алкагында жыйынтыктоочу иш-чара өткөрдү.

Форумдун программасында негизги баяндамачылардын баяндамалары жана өлкөнүн алыскы аймактарындагы жаштарды жана аялдарды колдоо, жергиликтүү бийлик менен жарандык активисттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, бизнести колдоо сыяктуу тармактарда долбоордун ишмердүүлүгүнөн түздөн-түз пайда көргөн адамдардын шыктандыруучу жеке окуялары камтылган.

Форумга 70 адам, анын ичинде бенефициарлар жана долбоордун өнөктөштөрү, эксперттер, ошондой эле жаштарды өнүктүрүү жаатында иш алып барган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Күндүн биринчи жарымында форумдун катышуучулары үч жылдык программанын жыйынтыгы менен таанышып, келечекте жаштардын турмушун жакшыртуу үчүн керектүү багыттарды белгилей алышты. Күндүн экинчи жарымы топтук иштерге арналып, катышуучулар алынган сабактарды, көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун талкуулай алышты.

Күндүн аягында долбоордун бардык катышуучуларына жана өнөктөштөрүнө ыраазычылык каттары тапшырылды.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions