• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • February

    13

    2023
🚰 Төө-Моюн айыл аймагына таза суу жетти

🚰 Төө-Моюн айыл аймагына таза суу жетти

Ош районуна караштуу Төө-Моюн айыл аймагында 9 скважина казылып, 250 гектардан ашык жерде жайгашкан үйлөрдү таза суу менен камсыздайт. Жети айылды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 2 суу алгыч курулуп, техникалык суу түтүктөрү иретке келтирилди.

Мындан тышкары, долбоор суу ресурстарына, суу менен камсыздоо тутумуна жана акыркы пайдалануу системасына тийиштүү мониторингди жана контролду камсыз кылуу үчүн сууну керектөө маалыматтарын сактоого, башкарууга жана талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берген акылдуу системаны ишке киргизди.

Бул иш FSDSдин «Айыл калкы үчүн азык-түлүк коопсуздугу» коомдук фондунун долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions