• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • December

    8

    2022
🔥 Ноябрь айында Тоң жана Кочкор райондорунун 10 үй-бүлөсүнө FSDS коомдук фонду «Туура тамактанууну жөнгө салуу үчүн жергиликтүү азык-түлүктөрдү өндүрүү системасын колдоо» долбоорунун алкагында гуманитардык жардам катары 1ден торпок берди. 

Бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жеке көмөкчү чарбаларды өнүктүрүүгө жана үй-бүлө мүчөлөрүн сүт азыктары менен камсыз кылууга жардам берет.

Торпок алган үй-бүлөлөрдүн тизмеси долбоордун өнөктөшү «Шоола Көл» коомдук фонду тарабынан түзүлгөн.

«Бул долбоор Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйкандарынын жашоосун жакшыртууга жардам берет деп ишенем. Бул долбоордун негизги бенефициарлары жакыр үй-бүлөлөр. Мындай аракеттер аймактагы ден соолукту чыңдоого жана жакырчылыкты кыскартууга кошкон салым болуп саналат», – деди «Шоола Көл» координатору.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions