• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • April

    27

    2023
📣 Кечээ Баткен облусунун Раззаков айылында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын заманбап коомго кошкон салымына арналган маанилүү конференция болуп өттү.

📣 Кечээ Баткен облусунун Раззаков айылында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын заманбап коомго кошкон салымына арналган маанилүү конференция болуп өттү.

Иш-чара FSDSтин колдоосу менен «Стимул» коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Конференцияда мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле жарандык активдүүлүктү өнүктүрүү маселелери талкууланды. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана алардын ата-энелери тарабынан түзүлгөн өз ара жардам көрсөтүү топторунун буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулду. Конференциянын жыйынтыгы бийлик жана ЖӨБ органдарын мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын көйгөйлөрү менен тааныштырып, алардын киреше алып келүүчү ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жардам берет.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions