• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • February

    6

    2023
🏆 “Мыкты бизнес-идея” сынагынын жеңүүчүлөрү өз белектерин алышты

🏆 “Мыкты бизнес-идея” сынагынын жеңүүчүлөрү өз белектерин алышты

Жалал-Абад облусунда биздин өнөктөшүбүз “Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматы” менен биргеликте үй-бүлөнүн азык-түлүк коопсуздугун колдоо программасынын алкагында мыкты бизнес-идеяга сынак өткөрүлдү.

Сынакка 12 өз ара жардам көрсөтүү топтору катышты, башкача айтканда, жашоочулар топторго биригип, финансылык абалын жакшыртуу боюнча өз идеяларын иштеп чыгышты. Идея негизинен кургатылган жемиштерди кайра иштетүү боюнча болду. Акыры 7 топтон бизнес-идеялар сунушталып, анын ичинен 3 топ калыстар тобу тарабынан туруктуу деп аныкталды.

1️⃣ топ “Бизнес леди”, Ала-Бука району, Сафед-Булан айылы
2️⃣ топ “Ырыскы”, Аксы району, Ак-Дөбө айылы
3️⃣ топ “Алма”, Ноокен району, Үч-Там айылы

Жеңүүчүлөр төмөнкү жабдуулар менен камсыз болушту: вакуумдук таңгактоочу машина, электрондук тараза, термоаккумулятордук таңгактоочу машина жана баштык чаптоочу.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions