• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • February

    28

    2023
🌾 Жакшы жаңылык менен бөлүшкүбүз келет!

🌾 Жакшы жаңылык менен бөлүшкүбүз келет!

2020-жылдан бери FSDS коомдук фонду биздин коомчулуктун аярлуу топторунун жашоо сапатын жакшыртуу үчүн «Кыргызстанда туура тамактануу үчүн жергиликтүү тамак-аш системасын колдоо» аймактык долбоорун ишке ашырып келет. Биз азык-түлүк коопсуздугуна өзгөчө маани беребиз жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн көндүмдөрүн өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөбүз. Туруктуу айыл чарбасынын алкагында малдын сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүнүн үстүндө да иштеп жатабыз. Жакында эле Кочкор жана Тоң райондорунда кургакчылыкка чыдамдуу тоют өсүмдүктөрүн сыноо үчүн даярдык иштерин жүргүздүк.

Биздин ишибиз тууралуу өз оюңуз менен бөлүшсөңүз кубанычта болобуз!

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions