• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • April

    29

    2023
Ушул жумада Бишкекте Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) тарабынан уюштурулган бизнес-пландоо боюнча тренерлер үчүн тренинг өттү.

Ушул жумада Бишкекте Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) тарабынан уюштурулган бизнес-пландоо боюнча тренерлер үчүн тренинг өттү.

Тренингдин катышуучулары «Социалдык аярлуу топтор үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү» долбоорунун өнөктөштөрү болуп саналат, алар кийинчерээк ушул эле тренингдерди өлкөнүн аймактарында өткөрүшөт.

Тренингдин катышуучулары үч күн бою бизнес-пландарды кантип туура түзүү керек, бизнес жүргүзүүдө кандай салыктарды эске алуу керек, бизнес-идеяларын сынап, ишке киргизүүдө кандай критерийлерге кармануу керек, ошондой эле бизнес-пландарды кантип туура түзүү керектиги боюнча баалуу билимдерге ээ болушту.

Ошондой эле тренингге Өзбекстандын Андижан облусунан долбоордун жаңы өнөктөштөрү катышып, бизнес-пландаштыруунун эффективдүү ыкмалары менен таанышып, аларды практикасында колдонууга жетишти. Бул тренинг долбоордун өнөктөштөрүнө өздөрүнүн көндүмдөрүн жана билимдерин жогорулатууга жардам берет, бул өз кезегинде Кыргызстандын жана Өзбекстандын аймактарындагы аярлуу топтордун арасында ишкердикти өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions