• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • January

    12

    2022
Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну Айпери Муратбекова тигүү цехин ачып, айыл элин жумуш менен камсыз кылды

Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну Айпери Муратбекова тигүү цехин ачып, айыл элин жумуш менен камсыз кылды

Айпери үй-бүлөсү менен Кочкор районунун Комсомол айылында жашайт. Учурда ал ишкердик менен алектенет.

“Мен тигүүчүлүккө көптөн бери кызыгам, үйдө майда буйрутмалар алчумун, ал чоңоюп кеткенде, жолдошум экөөбүз үйдө өзүбүздүн цех ачууну чечтик. Бул тигүүчүлүктүн аркасында мүмкүн болду. FSDS Фондунун колдоосу менен бүгүнкү күндө 50дөн ашык кызматкер эмгектенет», – дейт А.Муратбекова.

Айпери FSDS Коомдук Фондунун “Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аялуу топтор үчүн социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү” долбоорунун катышуучусу. Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө ал бизнес жүргүзүүнүн негиздери, маркетинг куралдары жана финансылык туруктуулук боюнча окуудан өттү.

Программанын жыйынтыгында Айпери тигүү цехин ишке киргизүү боюнча өзүнүн долбоорун иштеп чыгып, кошумча 6 тигүүчү машина сатып алууга грант утуп алган.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions