• Русский
  • Кыргыз
  • English

ДОЛБООРДУН СҮРӨТТӨЛҮШҮ

2012-жылы Danish Church Aid, ICCO Cooperation жана NPO FSDS уюмдары биргелешкен Борбордук Азия кыймылда (CAP) программасын ишке киргизишти.

CAP программасы маанилүү темада – Борбордук Азия чөлкөмүндөгү ички жана тышкы миграция боюнча өнөктөштөрдүн кеңири чөйрөсүнүн биргелешкен демилгеси. Бул тема 2000-жылдан бери акырындык менен мааниге ээ болуп, Кыргызстан менен Тажикстандын ЕврАзЭСке кошулуу ыктымалдыгын эске алганда, жок дегенде жакынкы 5-10 жылда төрт өлкөнүн көңүл чордонунда кала бермекчи.

Негизги укук ээлери, демек, программанын бенефициарлары Тажикстандагы жана Кыргызстандагы миграциядан катуу жабыр тарткан, социалдык коргоого, саламаттыкты сактоого, билим алууга жана саясий укуктарга кеңири көңүл бурулбаган жакыр жамааттар болуп саналат. Программа өлкөдөгү жана региондогу институционалдык жана саясий аспектилерди эске алуу менен мигранттар жана алардын келип чыккан жамааттары (мигранттар кетип жаткан жамааттар) жана алар жөнөтүлгөн жамааттар (ички жана тышкы мигранттар жамааттары) менен иштөөнү камтыйт.

ДОЛБООРДУН ЧОО-ЖАЙЫ

Долбоордун аталышы Борбордук Азия кыймылда
Калк Кыргызстан, Таджикистан
Долбоор мезгили 2019-жылдын июль - 2020-жылдын декабры
© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions