• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • December

    14

    2021
Кыргызстандын жаркын келечегин курууга жаштарды колдоо

Кыргызстандын жаркын келечегин курууга жаштарды колдоо

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан жаш ишкер 200 миң сом грант алып, өзүнүн компьютердик жана фото борборун ачты

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан келген жаш ишкер Фархожон уулу Улмасбек Баткен облусу үчүн FSDS Business Start долбоорунун алкагында 200 000 сомго жакын компьютердик тейлөө үчүн жабдууларды алды. Долбоор Баткен Бизнес Ассоциациясы ЖИА менен биргеликте ишке ашырылууда.

Долбоорго катышуу үчүн Кадамжай жана Кызыл-Кыя райондорунан 60тан ашык арыз түшүп, анын ичинен кийинки этапка 15 катышуучу өттү. Тандалган 15 катышуучу маркетинг жана бизнести пландаштыруу боюнча үч күндүк тренингден өтүштү. Тренингдин жыйынтыгында сынактын негизинде 2 финалист тандалып, ар бири 200 000 сомдун тегерегиндеги жабдууларга ээ болушту.

Жабдууларды тапшыруу аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, долбоордун жетекчилери жана ФСДС КФнын аткаруучу директору Муратбек Исмаилов катышты.

#BusinessStartUp #FSDS #Баткен #ПоддержимМолодых

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions