• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • March

    19

    2022
“Жаңырык” улуттук тармагынын мүчөлөрү долбоордук сунуштарды жазууга үйрөтүшөт

“Жаңырык” улуттук тармагынын мүчөлөрү долбоордук сунуштарды жазууга үйрөтүшөт

18 жана 19-мартта Бишкекте “Жаңырык” улуттук тармагынын 15 активдүү мүчөсү үчүн тренинг өтүп, алар гранттык негизде социалдык долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча көндүмдөрүн жогорулатышууда.

Интерактивдүү тренингдин катышуучулары долбоордун этаптарын даярдоо боюнча практикалык билимдерди алышты: долбоордун максаттарын жана милдеттерин түзүү, логикалык негиздерди түзүү, бюджетти түзүү, индикаторлорду иштеп чыгуу, мониторинг жана баалоо.

Окутуу ISTE консалтинг компаниясынын эксперттери тарабынан Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фондунун колдоосу менен өткөрүлөт.

“Жаңырык” улуттук тармагын колдоо жана потенциалын жогорулатуу FSDS коомдук фондунун Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүүдөгү стратегиялык максаты болуп саналат.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions